Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Нарын - Орук-Там унаа жолунун 30 чакырымы убактылуу жабылды


Нарын районунда Нарын - Орук-Там унаа жолунун 30 чакырымдай аралыгы убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.

Мындай чечим Эки-Нарын айылынан Капчыгай участогуна чейинки жерде жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Себеби ал жерде кар калың жааганда жол шарты катаалдайт.

Ички чарбалык деп эсептелген бул жол 11-декабрдан келерки жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды. Жергиликтүү элге бул тууралуу маалымат берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG