Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

Апрел баатырларына үй берүүнү текшерүү сунушталды


2010-жылдын 6-7-апрелиндеги кандуу окуяларда жабыркагандарга мамлекеттен үй берүү ишин көзөмөлгө алуу керек. Мындай сунуш ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында айрым депутаттар тарабынан айтылды. Таласта үй бөлүштүрүүгө нааразылар депутаттарга кайрылып жатканы маалым болду. Үйлөр окуянын чыныгы катышуучуларына эмес, башка жарандарга эле берилип жатканы айтылды. Үй бөлүштүрүүнү текшерүү үчүн атайын комиссия түзүү сунушу берилди.

Апрел окуясында токсонго жакын адам набыт болгон. Жүздөгөн киши жараат алган. Ок жаңылып, жарааты айыкпай кийин каза болгондордун саны ондон ашуун.

2011-жылдын апрелинде өкмөт 7-апрелде жабыркагандарды “Апрел элдик революциясынын баатыры” деген төш белгиси менен сыйлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG