Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Өзгөндө кайрадан жер титиреди


Ош облусунун Өзгөн районунда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Саат 09:52де эпицентринде 4-4,5 балл болгон жер титирөө катталды.

Салам-Алик айылында 4 балл, Мырзаке айылында 3,5 балл, Өзгөн шаарында жана Сары-Булак айылында 3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Ушуну менен соңку үч күндө Кыргызстандын түштүк аймагында алтынчы жолу жер титирөө катталып жатат. Кечээ Чоң-Алайда эки жолу 2-2,5 балл, 11-декабрда Базар-Коргондо 2-2,5 балл, Ноокат районунда 3 балл болгон жер титирөө катталган. 9-декабрда кечинде Өзгөндө 4 балл болгон. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок. (RK)

XS
SM
MD
LG