Камакта жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун саламаттыгы тынчсыздандырат. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйында депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.
"Ташиев менен Мамытовдун абалы оор. Айрыкча Ташиевдики. Эгер анын абалы оорлосо, жаман ахыбалга келип калса ким жооп берет?", - деди депутат.
Жылдыз Жолдошева аталган эки депутатты абактан "жок дегенде госпиталга которуу жагын чогуу караштырсак" деп парламенттеги президенттин өкүлүнө кайрылды.
Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда Ташиевдин да, Мамытовдун да абалы туруктуу, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө.
"Ата-Журттун" лидерлери Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатат. (RK)