Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Балдар үйүнүн кол өнөрчүлөрү көргөзмө уюштурду


Бүгүн Бишкекте Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучу кыздары жасаган буюмдардын көргөзмө-жарманкеси өттү. Кабарчыбыздын айтымында, 10-16 жаштагы 14 кыздын колго жасаган кийиз, курак буюмдары, түрдүү майда белектер коюлду. Жалпысынан 300дөй буюм көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды. Дээрлик баардыгын акцияга келген коноктор сатып алып кетти.

Бүгүнкү иш-чараны уюштурууга "Балажан" балдардын эстетикалык тарбия борбору көмөктөштү. Жарманке аталган борбордун имаратында өттү.

Сатуудан түшкөн акчага интернаттын жетекчилиги дагы кийиз жана башка керектүү материал сатып алып, ушул сыяктуу жарманке уюштуруу максатын көздөөдө. Албетте, кол өнөрчү кыздардын эмгек акысы да төлөнүп берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG