Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Жалал-Абад: Төрт окуучу адам өлтүргөнү үчүн соттолду


Жалал-Абадда мектептин төрт окуучусу адам өлтүргөнү үчүн соттолду. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук соттун кызматкери Амангелди Молдобаев билдирди. Анын айтымында, соттолгондордун бирөөнө он жыл, калган төртөөнө үч жылдан берилди. Алар жазасын Чүйдүн Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясында өтөшү керек болот. Мындай чечим Базар-Коргон райондук сотунда 11-декабрда чыгарылды.

Быйыл сентябр айында Жалал-Абаддын тоолуу Кызыл-Үңкүр айылында 11-класстын окуучулары 10-класстын бир окуучусун өлтүрүп койгону кабарланган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG