Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги мүчөлүгү соңуна чыгып баратат. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, мүчөлүк мөөнөт келаткан жылдын 1-январында бүтөт.
Аталган кеңеш адам укуктары жана эркиндик жаатындагы негизги форум болуп эсептелет. Соңку үч жылдан бери Кыргызстан бул уюмда 46 мүчө өлкө менен катар үч жүзгө жакын документти иштеп чыгып, кабыл алууга көмөк кылды. Бир жарым жыл Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Гүлнара Искакова Адам укуктары боюнча кеңештин жетекчисинин орун басары болуп иштеди. (RK)