Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Москва бийлиги Эркиндик жүрүшүнө уруксат берген жок


Москва шаар бийлиги оппозицияга ушул ишембиде борбордо жүрүш өткөрүүгө уруксат бербей койду. Бийликтер мындай жүрүш шаардагы жол кыймылын үзгүлтүккө учуратат деп айтууда.

15-декабрдагы жүрүш былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки массалык чыгуулардын бир жылдыгына карата пландалган эле. Уюштуруучулар 50 миңдей киши келет деп болжолдошкон. Бир канча оппозиция лидери эми Москванын Люблянка аянтына чыгып, советтик репрессия курмандыктарынын айкелине гүл чамбар койо турган болушууда. Оппозиция Орусиянын башка шаарларында да жүрүштөрдү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG