Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Google картасы Айфонго кайтып келди


Google Map Apple компаниясынын акыл-фону үчүн жаңы аппликациясын жарыялады. Apple компаниясы "Гугл" картасын сентябрда өзүнүн карта кызматы менен алмаштырган эле. Бирок көп колдонуучулар нааразы болгондуктан "Эплдин" баш директору Тим Кук кечирим суроого мажбур болгон. Колдонуучулар жана технологияны жазган калемгерлер "Эплдин" карта кызматында кээде шаарлар мухиттин ортосунда жайгаштырылып калган сыяктуу каталар көп экендигине даттанышкан. Анда ошондой эле коомдук унаанын багытын көрсөткөн жана башка "Гугл Мэптеги" өзгөчө популярдуу кызматтар жок болуп чыккан. "Гуглдын" АйФон үчүн бекер аппликациясы "Гугл" менен "Эпл" компанияларынын акыл-фон базарындагы атаандаштыгы күч алып жаткан мезгилде жарыялады.

XS
SM
MD
LG