Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Жогорку Кеңеш Орусиянын бириккен аскер базасы тууралуу келишимди ратификациялады


Парламент бүгүн Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда жайгашуу шарттары тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн келишимди үчүнчү окууда жактырды.

Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркуловдун депутаттарга берген маалыматы боюнча келишим 2013-жылдын 29-январынан тартып күчүнө кирет, иштөө мөөнөтү - 15 жыл жана дагы 5 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Келишимге ылайык, Балыкчы шаарындагы сыноо полигону орус тарапка акысыз ижарага берилет. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Канттагы орус аскер базасы тууралуу келишимди да ратификациялады. Келишим боюнча Канттагы аскер аба базасы ЖККУга тиешелүү болгондуктан, Орусия бул база үчүн ижара акы төлөбөйт. Мындан тышкары Кант аскер базасы салыктан жана коммуналдык кызмат акыларын төлөөдөн да бошотулду.

Бириккен аскер-аба базасы боюнча эки тараптуу макулдашууга жана ага кошумча протоколго быйыл 19-сентябрда Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков кол коюшкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG