Грузиянын баш прокурорунун өкүлү Гиви Таргамадзе Орусияга өткөрүп берилбей тургандыгын бышыктады. Мунун алдында Орусиянын Иликтөө комитети Таргамадзени май айында Маскөөдөгү уруксатсыз нааразылык акциясын уюштурган деп издеп жаткандыгын маалымдаган. "Биздеги материалдар Гизи Таргамадзе орус оппозициясын каржылап, Маскөөнүн Болотная аянтындагы тополоңду гана уюштурган эмес. Ал ошондой эле 6-майдагы Миллиондордун жүрүшүндө орус оппозиция лидерлеринин аракетин өзү башкарып турган", - деп ырастады аталган комитеттин маалымат катчысы Владимир Маркин Москвада сүйлөгөн сөзүндө.
Май окуясы боюнча Орусиянын оппозициядагы "Солчул майдан" кыймылынын лидери Сергей Удалцов жана оппозиция активисти Леонид Развозжаев октябрда сурак беришкен эле. Тергөөчүлөрдүн ырастоосунда, Развозжаев Кремлге каршы демонстрацияны Таргамадзе каржылаган деп билдирген. Развозжаев кийин өзүн уурдап кеткендер кыйнап, ушундай көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып чыккан.
Грузиянын баш прокуратурасы бүгүн өлкөнүн баш мыйзамы грузин жаранын башка өлкөгө чыгарууга жол бербей тургандыгын кошумчалады.