Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Европа соту Македонияга айып салды

Европанын адам укуктары боюнча соту Македонияны террорчу деп ката кармалган адамдын кыйноого туш келгени үчүн Македонияны жоопкер деп тапты. Страссбургда кабыл алынган чечим Халед эл-Масринин алгачкы ири мыйзамдык жеңиши болуп калды. Ливанда туулган немис жараны аны америкалык чалгын кызматы - ЦРУ 2003-жылы Скопиеде уурдап кеткен деп ырастаган. Эл-Масринин сөзү боюнча ЦРУ аны Скопиедеги мейманканада 23 күн кармап, кийин Ооганстандагы жашыруун түрмөдө 2004-жылга чейин кармаган. Македония бул киши уурдоого тийешеси жок экендигин айткан. Бирок Европа соту Скопиенин өкмөтүнө 78 миң доллар компенсация төлөөгө милдеттендирди. Буга чейин эл-Масри АКШ менен Европаны да сотко берип, бирок андан жыйынтык болгон эмес эле.
XS
SM
MD
LG