Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

15-декабрда Бишкекте мусулмандардын 4-курултайы болот


Курултайдын күн тартибиндеги негизги маселе – муфтияттын уставын өзгөртүү жана муфтий шайлоо. Кыргызстан муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, эртең боло турган мусулмандардын курултайына жалпы республика боюнча эки жүз делегат келет.
Курултайды утурлай ар кайсы коомдук диний уюмдар жана эксперттик топтор муфтиятты реформалоо, анын уставын жаңылоо сунуштары менен чыгышкан. Мындан тышкары муфтийликке талапкер катары эки-үч адамдын аты да аталууда, алардын бири – муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG