Мамлекеттик каттоо кызматы менен БУУнун качкындар комиссариаты кечээ өлкөдө жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу маселесин карады. Анда бүгүнкү күнү Кыргызстанда жашап жаткан жарандыгы жок адамдарга жарандык берүү аракеттерин жаңылоо жана жеңилдетүү жагдайы да каралды. Улуттар уюмунун Качкындар комиссариатынын өкүлү Йоханн Сиффоант өз сөзүндө жарандыгы жок адамдардын юридикалык укуктары чектелүү экенин, алар мамлекет тарабынан берилүүчү социалдык жардамдарды да ала албасын белгилеп, мындай адамдарга чогуу жардам берүүнү бийлик өкүлдөрүнө сунуштады. Ал эми мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев Кыргызстандын жарандык маселелери тууралуу мыйзамдары эл аралык талаптарга жооп берээрин, БУУнун качкындар комиссариатынын көмөгү менен бул жаатта ийгиликтүү иштер жасалганын маалымдады. Ал ошондой эле Кыргызстан Улуттар уюму бул жаатта сунуштап жаткан эки конвенцияга кошулууга даяр экенин билдирди.
Маалыматтар боюнча Кыргызстанда жашаган жарандыгы жок адамдардын арасында ушул жерде туулгандары да бар, чет мамлекеттерден көчүп келип көп жылдан бери жашап жаткандар, кыргызстандык атуулдарга үйлөнгөндөр бар.
Жарандык берүү аракетинин жаңыланган планы - Советтик үлгүдөгү паспортторду кыска убакытта алмаштыруу, балдар төрөлгөн учурда алардын баарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү менен каттоого алуу маселелерин чечүү жагдайларын камтыйт.(ZKo)