Сириянын оппозициялык коалициясы жана АКШ Орусия аткаминеринин Сириянын президенти Башар Асаддын тагдыры тууралуу айтканын кубаттоого алышты. Орусиянын тышкы иштер министри жана Чыгыш өлкөлөрү боюнча атайын элчиси Михаил Богданов кечээ Сириянын президенти Башар Асад өлкөдө бийлигин жоготту, ал төңкөрүшчүлөр тарабынан бийликтен куулушу мүмкүн деп айткан эле. АКШнын мамлекеттик департаменти Орусия чыныгы кырдаалды тааныганы жана режимдин күнү бүткөнүн бекемдегени үчүн ыраазылыгын билдирсе, Сирия оппозициясынын лидери Муаз ал-Хатиб Орусия өзүнүн утулуу акыбалынан чыгуу жолун издеп жатат деген пикирде.
Бул аралыкта Сирия оппозициясынын Лондондо жайгашкан баш кеңсеси аскер учактары Дамаскты, артиллерия Дарайа жана Моудамийе аймактарын аткылаганын маалымдады.(ZKo)
Бул аралыкта Сирия оппозициясынын Лондондо жайгашкан баш кеңсеси аскер учактары Дамаскты, артиллерия Дарайа жана Моудамийе аймактарын аткылаганын маалымдады.(ZKo)