Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

УКМК: Муфтият жетекчилеринин иштери тергөөдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Чубак ажы Жалиловго жана муфтийдин милдетин азыр аткарып жаткан Рахматулла Эгембердиевге мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирген деп айып тагууда.

Комитеттин маалымат кызматынын бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда кылмыш иши 31-октябрда козголгон. Тергөөнүн негизинде Чубак ажы Жалиловго айып тагылып, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынган. Жалилов "Азаттыкка" доомат ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу болуп жатат жана анда менин айыбым жок деп билдирди.

Ал эми Рахматулла Эгембердиев расмий бийлик Коопсуздук комитети аркылуу мусулмандар курултайына карата кысым жасап жатат деп эсептейт.

15-декабрга белгиленген мусулмандар курултайында жаңы муфтий шайланаары болжолдонууда. Жаңы муфтийлик кызматка талапкер катары коомчулукта Рахматулла ажы Эгемебрдиев менен Кимсанбай ажы Абдырахмановдун аттары аталууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG