Соңку суткада Кыргызстандан аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Негизинен кырсык электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелеринин сакталбашына, меш жана морлордун туура эмес коюлушуна байланыштуу чыгууда. (RK)