Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Дин комиссиясы муфтияттын тегерегиндеги абалга тынчсызданууда


Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы муфтияттын жана 15-декабрга белгиленген мусулмандар курултайынын тегерегинде түзүлгөн соңку жагдайга тынчсызданып жатканын айтты.

Аталган комиссия бүгүн тараткан билдирүүдө:

Курултай жана муфтий шайлоонун тегерегиндеги түрдүү оюндарга бизди аралаштырууга жол бербейбиз. Соңку мезгилде мусулмандардын диний башкармалыгы муфтийлик кызматка күрөш менен гана алек болуп, кайрадан түрдүү интригага бата баштады, - деп айтылат.

Мусулмандардын 4-курултайы эртең Бишкекте өтөт. Ага 250дөй адам катышат. Күн тартибинде муфтияттын жаңы уставын кабыл алуу, уламалар кеңешинин курамын өзгөртүү жана муфтий шайлоо сыяктуу үч маселе бар. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG