Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Кыз ала качкандарды жазалоо мыйзамы соңку добуш берүүгө жөнөтүлдү


Кыргызстанда кыз ала качкандарды жазалоону катуулатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кезектеги талкуусунан өтүп, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бүгүн аталган мыйзам долбоордун автору, депутат Айнуру Алтыбаеванын "Азаттыкка" айтымында, эми келерки бейшембиде тиешелүү добуш алынса бул долбоор парламентте кабыл алынган болуп эсептелет. Андан кийин ал президентке жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы кол койсо, күчүнө кирет.

Ага ылайык, Кылмыш кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизилип, ала качуу аракети адам уурдоого тете бааланып, кыз ала качкандар 7 жылга чейин, 18 жашка чыга электерди ала качкандар 10 жылга эркинен ажыратылат.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда жылына 10 миңден ашуун кызды ала качышат. Бирок ал ишти жасагандардын дээрлик баары жазасыз калат. (RK)

XS
SM
MD
LG