Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Кремль Сирия боюнча көз карашына тактоо киргизди


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сириядагы жагдайга байланыштуу айткан сөзүнөн танды. Бейшемби күнү найып-министр жана Кремлдин Жакынкы Чыгыш иштери боюнча атайын чабарманы Михаил Богдановдун президент Башар Асаддын каршылаштары 20 айдан бери жүрүп жаткан чатакта жеңип чыгышы ыктымал деп айтканы маалымдалган. Бул кабарга Вашингтон “акыр аягында чындыкка Орусиянын көзү ачылып”, “режимдин саналуу күнү калганын мойнуна алды”, деп реакция жасаган. Сириялык козголоңчулардын саясий лидери Муаз Хатиб болсо Москва Асад бийликти колдон чыгарса, эмне кылуу жагын ойлоно баштаган сыягы деген пикирин билдирген. Бирок жума күнү Орусиянын тышкы иштер министрлиги Богданов Сирия оппозициясынын сөзүн кайталаганын, Москва Сирия боюнча саясатын өзгөртпөгөнүн маалымдады. Москва БУУнун Асаддын өкмөтүнө кысымды күчөтүү аракетине вето жарыялап, аны каруу-жарак менен камсыздоодо.

XS
SM
MD
LG