Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

БУУ Каспий боюнча макулдашууга колдоо билдирди


Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан беш өлкөнүн деңиз чөйрөсүн коргоо ниетин Улуттар уюму «маанилүү кадам» деп баалды. БУУнун Айлана-чөйрө программасы билдиргендей, Азербайжан, Иран, Орусия, Казакстан жана Түркмөнстан Тегеран макулдашуусу деген аталыштагы документке кол коюшту. Программанын маалыматына ылайык, жаңы протоколдо Каспийди өзгөчө булгаган айыл чарбасы менен өнөр жайдын таштандылары боюнча иш-чаралар каралды. (JCh)

XS
SM
MD
LG