Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

Өзбекстанда англис тили 1-класстан окутулат


Президент Каримов 10-декабрда кол койгон жардыкка ылайык, орто мектептерде англис жана башка чет тилдерди биринчи класстан баштап окутуу каралууда. Буга чейин чет тилдерди өзбекстандык окуучулар төртүнчү класста баштачу. Жардыкта ошондой эле айыл жергесинде чет тилден сабак берген мугалимдердин айлыгын 30, калган мектептерде 15 пайызга көбөйтүү каралды. Мындан тышкары балдарды чет тилдерге окутуу боюнча телеканалдардан атайын берүүлөр менен катар башка элдердин тарыхы жана маданияты боюнча илимий-популярдуу, агартуучулук программаларын мезгилдүү, чет элдик, мултипликациялык фильмдерди өзбек субтитрлери менен көрсөтүү пландалууда. (JCh)

XS
SM
MD
LG