Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Бишкекте мусулмандар курултайы өтүп жатат


Кыргызстан мусулмандарынын курултайы учурда Уламалар кеңешинин курамы тууралуу маселени кызуу талаш-тартыш менен талкуулап жатат. Делегаттар адегенде муфтияттын жаңы уставын карап, кошумча иштөө керек деген тыянакка келишти.Кыргызстандын муфтийин шайлоо - курултайда үчүнчү маселе. Азырынча талапкерлердин аттары жарыялана элек.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиргенине караганда курултайга жер-жерлерден эки жүздөй делегат келген. Алардан тышкары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Абдулатиф Жумабаев, Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу баштаган коноктор да катышууда.

Курултай өтүп жаткан Тарых музейинин имаратында коопсуздукка күчөтүлгөн тартипте көз салынууда. Кечээ муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла Эгемебрдиев мамлекет дин иштерине киришип жатат деп билдирген болчу. Кечээ ошондой эле дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдирүү таратып, анда курултай жана муфтий шайлоонун тегерегиндеги түрдүү оюндарга бизди аралаштырууга жол берилбестигин белгилеген. (ZB/BuS)

XS
SM
MD
LG