Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

"Каракол" лыжа базасы кыргызстандыктар үчүн арзандатылды


"Каракол" лыжа базасында кыргызстандык кардарларга атайын жеңилдетүүлөр берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдирди.

Анын айтымында Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун жаштары өткөн жумада Каракол лыжа базасына кетчү жолду тосушуп, лыжа базасында эс алууну 50 пайыз
арзандатуу талабы менен митингге чыгышкан. Жыйынтыгында “Иднал тур”
фирмасы Кыргызстандын жашоочуларына жуманын үч күнү үчүн арзандатуулар болоорун жарыялады. Буга ылайык, шейшемби, шаршемби, бейшемби күндөрү жергиликтүүлөр мурдагыдай 950 сом эмес, 600 сомдон кирип эсе ала алышат.

"Иднал тур" Орусиянын туристтик компаниясы. (MK)

XS
SM
MD
LG