&nbsp;Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан мусулмандардын курултайында&nbsp;Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына Рахматулла ажы Эгембердиев шайланды. Ал буга чейин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп келген.<br />
<br />
Ушул эле курултайда бүгүн 35 кишиден турган уламалар кеңешинин курамы шайланган. Алар муфтийге добуш берди. Рахматулла ажы Эгембердиев 25 добуш алды. Жалпысынан шайлоого 10 киши талапкерлигин көрсөткөн. (ZB/AKu)