Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы жыйынтыкталды


“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу КМШ, Балтия өлкөлөрү жана Грузия катышкан эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды. Анда тасмалар улуттук жана эл аралык деп экиге бөлүнүп сынга коюлду. Эл аралык конкурстан баш байгени эстониялык режиссер Янно Юргенстин “Дистанция” аттуу фильми, “Мыкты режиссерлук” байгесин орусиялык Елена Друмдун “Акварель” тасмасы алды. Бул тууралуу режиссер-кинодокументалист Бакытбек Турдубаев билдирди.

Ал эми улуттук конкурстан Наргиза Маматкулованын “Жымжырт” тасмасы, “Мыкты режиссерлук” сыйлыгын Елизавета Стишованын “Чайка” фильми утуп алды. Бул байгелерге 50 миң сомдон сыйлык каралган.

Ал эми ушул улуттук конкурста калыстар тобунун атайын сыйлыгын Абдулалим Мамадалиевдин “Зарыл ишиң болбосо, зардалыда эмнең бар?”, Эмил Атагелдиевдин “Моисей” тасмалары алды. “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма” номинациясы Алмазбек Зарылбек уулунун “Узник” фильмине ыйгарылды. Атайын сыйлыктардын ээлериине 25 миң сомдон берилди.

Даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Чынгыз Айтматовдун туулган күнү, 12-декабрда башталган, быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат. Шартка ылайык эл аралык конкурска ар бир өлкөдөн бирден гана фильм катыша алат. Бул жолу 11 мамлекеттен 11 тасма катышты. Ал эми улуттук конкурста 16 даректүү фильм ат салышты.(AKu)

XS
SM
MD
LG