Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Иран Түркия чек арасына НАТО ракеталары жайгашуусун сындады


Пэтриот ракеталык системасы.
Пэтриот ракеталык системасы.
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы, генерал Хасан Фироузабадинин билдиргенине караганда, НАТОнун “Пэтриот” ракеталарынын Түркия-Сирия чек арасына жайгаштырылуусу Европа да тартылган “дүйнөлүк согушка” алып баруусу мүмкүн. Колбашчы белгилегендей, "Пэтриот" ракеталарынын ар бири “дүйнөлүк картадагы кара так”. Генерал Хасан Фироузабадинин бул сөздөрүн Ирандын мамлекет көзөмөлүндөгү маалымат агенттиги таратты.

Түркия НАТОдон учактарды же ракеталарды атып түшүрүүчү коргонуу системасын жайгаштырып берүүнү өткөн айда суранган. Мындай өтүнүч Сириянын аскерий учактары анын аба мейкиндигин бузуп, артиллериядан атылган снаряддар өлкө аймагына түшкөндөн кийин жолдонгон.

АКШ Коргоо министри Леон Панетта Түркияда "Пэтриот" ракеталык системасынан эки даана жана аларды иштетүүчү 400 жоокерди жайгаштырууну ушул жума күнү буйруду. АКШнын алдында мындай кадамды Германия жана Нидерландия жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG