Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Москвада кармалган оппозиция лидерлери бошотулду


Демонстранттарды кармоо учуру. 15-декабрь, 2012-жыл.
Демонстранттарды кармоо учуру. 15-декабрь, 2012-жыл.
Ондогон демонстранттарды жана оппозиция лидерлерин полиция ишембиде Москванын борбордук бөлүгүндө, ФСБнын баш кеңсеси алдындагы Лубянск аянтында алардын уруксат берилбеген акциясын таратуу үчүн кармашты.

Полициянын ырастоосунда, Москвада 40, Санкт-Петербургда 26 адам кармалган.

Кармалгандар арасында оппозиция лидерлеринен Алексей Навальный, Сергей Удальцов, Ксения Собчак бар эле. Алар ишембиде кеч курун кайра кандайдыр бир айып коюлбастан бошотулушкан.

Лубянск аянтына чогулган демонстранттар ак лента байланып, саясий ураандарды көтөрүү менен президент Путинге каршы саясий чакырыктарды айтышкан.

Полициянын эсебинде, Лубянск аянтында 700дөй киши, анын ичинде 300дөй журналист, көз карандысыз булактардын айтымында, 2000дей киши келди.

Ишембидеги демонстрация былтыркы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин Орусияда тутанган ири нааразылыктардын бир жылдыгына байланыштуу уюштурулду.

Оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцовдун билдиргенине караганда, оппозициянын Координациялык кеңеши кийинки кадамды жекшембидеги жыйынында талкуулайт:

- Путиндик пропаганда башынан эле нааразылык акциясына эч ким келбейт же анын күнү бүттү деп айтып келген. Бул акцияларга катышпаган, бирок тилектештик көргөзгөн адамдардын аң сезимине таасир көргөзүүнүн ыкмасы эле. Анткен менен Орусия жарандарынын 40% өздөрү катышпаганы менен нааразылык акцияларын колдойт.

Кышкы ызгаарга карабай чакан жана тынч мүнөздөгү демонстрациялар ишембиде Екатеринбург, Самара, Пермь жана башка шаараларда да өттү. (UE)

XS
SM
MD
LG