Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Бишкекте сууктан улам газга күч келүүдө


Бишкек шаарында сууктан улам газ белгиленгенден көп керектелип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык газ чарбасынын жетекчиси Таалайбек Далбаев билдирди. Маалыматка ылайык, бишкектиктер саатына 20 миң куб метр газ колдонушу керек болсо, азыр бул көрсөткүч 24 миң куб метрден ашып жатат. Натыйжада газ берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

“Негизи ушундай суук болгондо көмүр жагуу керек. Жеңил оокатка көнүп алдык. Эми газ өчүп калат. Газ токтосо, көмүр жакпастан дароо электр энергиясы менен үйлөрүн жылыта башташат. Анан трансформаторлор зыянга учурайт. Эл туура түшүнсө...”,-деди Таалайбек Далбаев.

Маалыматка ылайык, сууктан улам Өзбекстандан Казакстан аркылуу келген газдын басымы да азайып бара жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG