Египетте Конституциянын жаңы долбоору боюнча ишембиде өткөн референдумдун добуштары саналууда. Президент Мухаммед Мурси менен анын исламчыл тарапкерлери бул Башмыйзам Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин өлкөнү демократияга жылдыруучу кадам болот дешет. Оппозиция болсо Конституциянын жаңы долбоору шашылыш даярдалганын, анда азчылыктардын укуктары эске алынбай калганын сынга алышууда. Алдын ала маалыматтар референдумга эл күтүлгөндөн көп катышканын көрсөтүүдө. Укук коргоочулар добуш берүүдө мыйзам бузуулар бар экенин кабарлашты. (KKs)