“Азаттыктын” казак кызматынын кабарына караганда, Көз карандысыздык күнүнө тушташ бүгүн Казакстандын бир катар шаарларында Жаңы-Өзөндөгү окуялардын бир жылдыгы да эскерилип жатат.
Алматы менен Астанада бул кандуу окуянын бир жылдыгын эскерүү акциясына жыйналгандар “Жаңы-Өзөн” деп кызыл боёк менен жазылган ак тасманы ийиндерине илип жүрүштү.
Былтыр 16-декабрь - Көз карандысыздык күнүндө өлкө батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктаганда, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле.
Көз карандысыздык күнүн утурлай президент Нурсултан Назарбаев «Казакстан-2050» стратегиясы деген программасын жарыялап, XXI кылым өлкө үчүн “алтын” кылым болорун убада кылды.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Назарбаевге куттуктоо телеграммасын жолдоду. Анда эки коңшу өлкө быйыл стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилени мындан ары чыңдоо боюнча чечүүчү макулдашууларга жетишкени айтылат. (UE)