Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Жапонияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүүдө

Шайлоо парламенттин төмөнкү палатасы үчүн өтүп жатат. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары оппозициядагы Либерал-демократиялык партия премьер-министр Ёсихико Ноданын Демократиялык партиясын жеңип чыгарын ишара кылган.

Азыркы шайлоо Жапониянын коңшу Кытай менен мамилеси арал талаштан улам чыңалган учурга туш келди.

Оппозициядагы Либерал-демократиялык партиянын улутчул саясатчы катары таанымал лидери, мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ шайлоо өнөктүгү учурунда дипломатияны чыңдап, тышкы саясатта каттал багытты карманууну, экономиканын төмөндөшүн токтотууну убада кылган.

Алардын атаандашы - Демократиялык партия бийликте соңку үч жылдан бери турат.
(UE)
XS
SM
MD
LG