Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Египетте укук коргоочу топтор референдумду кайра өткөрүүгө чакырышты


Конституциялык референдумдун ушул ишембиде болгон алгачкы айлампасын кайра өткөрүү чакырыгы менен кечээ Египеттин укук коргоочу сегиз уюму чыкты. Алар жүйөө катары добуш берүү учурунда укук бузуулар, бурмалоолор кеңири жайылганын, жарандык коомдун өкүлдөрү добуш саноо жараянына катыштырылбаганын келтиришти.

Мунун алдында президент Мохаммед Мурсинин исламчыл өнөктөштөрүн референдумдун алгачкы этабында Баш мыйзамдын долбооруна добуш бергендердин 57% колдогонун айтып чыгышкан. Расмий эмес эсепке караганда, добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 32% катышкан.

Ишембидеги добуш берүүдө өлкөнүн он провинциясы, анын ичинде Каир жана Александрия шаарлары камтылды.

Референдумдун расмий жыйынтыгы келерки ишембиде, анын экинчи этабы өткөндөн кийин гана чыгарылат. Өлкөдө шайлоого укуктуулардын жалпы саны 51 миллиондун тегерегинде.

Президент Мурси жана анын өнөктөштөрү жаңы Баш мыйзам өлкөнү демократияга жакындатат деп эсептешет. Оппоненттер болсо ал фундаменталдык эркиндиктерди жана азчылыктар укугун коргобосун айтууда.

Конституция долбоору референдум Египетте бир нече аптага созулган массалык нааразылык акцияларынан кийин чыгарылды. (UE)

XS
SM
MD
LG