Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Обама Коннектикут штатына келди


Барак Обама штаттагы Ньютаун шаарындагы жума күнү куралчан адамдын огунан 26 киши, анын ичинде 20 жаш бала мерт болгон Cэнди- хук мектебинде сөз сүйлөп, маркумдардын жакындары менен жолукту. Өз сөзүндө Обама мектептеги окуяны “эң каргашалуу окуя” деп атады

Буга чейин штат бийликтери ок жеп каза тапкандардын ысымдарын жарыялаган. Алардын арасында мектеп окуучуларынан 12 кыз менен сегиз бала 6-7 жаш курактагылар. Калган алтоосу мектептин аял мугалимдери.

Жыйырма жаштага Адам Ланза ысымдуу жигит, маалыматтарга караганда, курал менен мектепке келгенге чейин өз үйүндө энесин атып өлтүргөн. Мектептеги кыргындан кийин өз жанын өзү кыйган.(BkA)

XS
SM
MD
LG