Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Электр энергиясын керектөө чектен ашты


Суук күчөгөндүктөн “Түндүкэлектр” ишканасынын кардарлары электр энергиясын нормадан көп керектей башташты. Мекеменин басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, өткөн суткада Чүй, Талас облустарында 30 миллион 557 миң кВт/саат электр энергиясы сарпталды. Бул белгиленгенден 7 миллион кВт/саатка көптүк кылат. Бишкектиктерге бир күнгө 10,6 миллион кВт/саат электр энергиясы каралган болсо, соңку суткада 14,7 миллион кВт/саат электр энергиясы керектелди.

“Түндүкэлектро” ишканасы газ берилбей калгандыктан шаар тургундарынын көбү үйлөрүн электр энергиясы менен жылытып жатышканын билдирүүдө. Мындай улам айрым райондордо жабдыктарга күч келип жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG