Өзбекстан кыргыз тараптын Баткендеги Бүргөндү аймагына чек ара тосмолорун орнотуу аракетине нааразылык билдирүүдө. Мындай маалымат өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Баткен облусуна иш сапары учурунда айтылды. Буга чейин Кыргызстан Бүргөндү аймагындагы эки өлкө тарабынан макулдашылган 19,3 чакырым чек араны тосмолоо аракетин баштаган. Өзбекстан болсо бул макулдашууга убагында шашылыш кол коюлганын айтып, аны тааныбай турганын билдирип жатат.
"Азыр Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан менен чектеш аймакка инженердик шаймандарды орнотуп, тосмолоого техникаларыбыз даяр турат. Бирок кошуналар нараазылыгын билдирип жатышат. Биз болгону эки тараптуу макулдашууларга жетишилген чек араны гана тосмого алалы деп жатабыз”,-деди Чек ара кызматынын башкы башкармалыгын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев.
Бүргөндүлүктөр тез арада аймактын чек арасын тосмого алып, Өзбекстан тартып жаткан мунай менен газды Кыргызстанга өткөрүп алууну талап кылышууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Өзбекстан Кыргызстандын аймагынан мунай өндүрүп, жер салыгын төлөбөй келет. Айрым маалыматтарда аймакта суткасына 20 тоннага чейин мунай өндүрүлгөнү кабарланууда. Кыргыз тарап он жылдан бери Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан өндүрүп жаткан газ, мунай мекемелерин кайтара албай келет. (JsA)