Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Өкмөт: газ маселеси бир жума ичинде чечилет


Кыргыз өкмөтү газ тартыштыгын бир жуманын ичинде чечүүнү көздөөдө. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн 100 күндүгүнө арналган жыйында билдирди. Тиешелүү мекемелер бул апта ичи көгүлтүр от боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзмөкчү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Казакстан Өзбекстандан келген газдын басымы төмөндөгөнүн жана газга чектөө киргизилерин алдын ала эскерткен.

Бишкек шаардык газ чарбасы Казакстан келген газдын көлөмү эки эсе азайганын, жер үйлөргө газ берүү токтотулганын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG