Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Жерүй алтын кени 2014-жылы иштей баштайт


Өкмөттүн планына ылайык, Таластагы Жерүй алтын кенинде иш 2014-жылдын ортосунан тарта башталат. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн журналисттерге билдирди. Маалыматка ылайык, келе жаткан жылы кенди иштетүү үчүн сынак өткөрүлүп, инвесторлор тандалмакчы.

2010-жылы кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналган Жерүйдө болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG