Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстан “КазТрансГазга” 3 млн. доллар карыз


Кыргыз тараптын Казакстандын «КазТрансГаз» ишканасына болгон карызы 3 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Куралбек Наскеев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Кыргызстандын Өзбекстанга карызы болсо 200 миң доллардын тегерегинде. Маалыматка ылайык, карыздардын көпчүлүгү мамлекеттик ишканаларга туура келет.

Казакстандан келген газ азайганына карабастан, Бишкекти жылуулук менен камсыз кыла турган 23 от жагуучу очокторго газ берүү токтогон жок. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG