Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Пакистан: Кандуу булоондо 20дан ашуун адам шейит болду


Автомобилге коюлган бомба Пакистандын түндүк-батышындагы уруулардын башкаруусундагы Жамруд Хайбер регионундагы негизги базарда жардырылган.
Абуд Малик деген күбөнүн “Азаттык” радиосуна айтышынча:

- Жардыруунун үнү менен кошо айлананы кара түтүн басып, адамдар туш-тарапка кача баштады. Мен кандай коркконумду айта албайм. Бир нече бала колсуз, башка бирөөлөр бутсуз калганын көрдүм. Аларды машинеге жүктөп, ооруканага алып кетишти.

Жамруд ооруканасынын врачы Самин Ян Шинвари набыт болгон төрт аял ооганстандык экенин, беш жашар ооган кыз жана алты жашар пакистандык эки бала бар экенин маалымдады.

Бүгүн эле Кветта шаарында провинциянын башчысы Кадим Хусейн Нурини жана эки полициячыны мотоциклчен адамдар атып кетти. Бул шаарда ондогон кыргыз үй-бүлө жашайт.

Полициянын айтышынча, шиит Нури диний араздашуунун курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG