Дүйшөмбү күнү Ирактын түндүгүндөгү көп улуттуу аймактарда болгон бомба чабуулдарында бери дегенде 19 адамдын каны төгүлдү. Анын ичинде Мосул шаарынын ныптасындагы Муфакия кыштагында бомба чабуулунан 7 киши өлүп, 11 адам жараат алды. Туз Курмато шаарында автомобилге коюлган бомба беш кишинин өмүрүн алып, 24 кишини жарадар кылды. Ирактын түндүгүндө негизинен арабдар, түркмөндөр жана күрттөр жашайт.
Дүйшөмбү күнү Багдаддан түндүк тараптагы Бакуба шаарында жолго коюлган бомбадан 1 жүргүнчү апаат болуп, 10 киши жараат алды.
Дүйшөмбү күнү Багдаддан түндүк тараптагы Бакуба шаарында жолго коюлган бомбадан 1 жүргүнчү апаат болуп, 10 киши жараат алды.