Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Египеттин баш прокурору кызматынан кетти


Президент Мухаммед Мурси Талаат Ибрагимди баш прокурорлукка бир ай мурда дайындаган болчу. Бирок дүйшөмбүдө жүздөгөн прокурорлор Каирдеги Баш прокуратуранын кеңсесинин алдында анын кызматтан кетишин талап кылып жатышып, өз максатына жетишти. Алар мурдагы баш прокурордун кызматтан алынышына каршы чыгып, мындай чечим менен президент Мурси прокурорлордун көз карандысыздыгына кийлигишти деп жүйөө келтирүүдө.

Эми Ибрагимдин отставка маселеси өлкөнүн Жогорку Соттук кеңешинде жекшембиде каралат. Ал арада оппозиция конституциялык референдумдун ушул ишембиде болгон алгачкы айлампасында добуш берүү учурунда укук бузуулар, бурмалоолор кеңири жайылганын айтып нааразылык акцияларын уюштурганы жатат. Референдумдун экинчи айлампасы ушул ишембиде өтүшү керек. Президент Мухаммед Мурсинин исламчыл өнөктөштөрү референдумдун алгачкы этабында Баш мыйзамдын долбоорун көпчүлүк колдогонун айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG