Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Бишкекте суу каптаган турак үйлөрдүн жашоочулары мектепке жайгаштырылды


Мындан үч күн мурда, 15-декабрда Ала-Арча дарыясынын Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөсүндө муз тоңуп, суу нугунан ашып, 7 турак үйдү каптаган эле. Суу каптаган турак үйлөрдүн жашоочулары (28 адам) учурда №31-орто мектепке жайгаштырылып, ысык тамак жана жылуу төшөнчү менен камсыз кылынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Бекиловдун айтымында, азыркы учурда аталган аймакта суу каптоо коркунучу чектелип, Лев Толстой көчөсүнөн Чоң-Чүй каналына чейин Ала-Арча дарыясында көзөмөл уюштурулду.(JAk)

XS
SM
MD
LG