Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Депутат Бокоев өкмөт азыркы кырдаалга жооп берүүсүн талап кылды


“Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн парламенттеги комиттеттин жыйынында эртеңки сессияга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен энергетика министри Автандил Калмамбетовду чакырып, бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга жооп берүүсүн талап кылды. “Өкмөт кышка даярбыз деп бир нече ирет айткан, бирок бүгүн көптөгөн аймактар, анын ичинде миңдеген бишкектиктер жарыксыз, газсыз калды. Буга өкмөт башчы жана тиешелүү министрлер жооп берсин”, - деди Бокоев “Азаттыкка”.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев учурда коңшу өлкөлөр менен газ алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Эки күндөн бери Кыргызстанда сууктан улам Өзбекстандан Казакстан аркылуу келген газдын көлөмү эки эсе азайды. Мындан улам Бишкекте жана анын жака-белиндеги жер тамдардын баарына көгүлтүр от берүү токтоду. Катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө үч эсеге өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйүүдө. Кыргыз өкмөтү абалдан чыгуу үчүн Бишкекте көнүл ачуучу жайларда, мончо, сауналарда электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG