Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Мигрант аялдардын өлүмү көбөйдү


Сырттан “Жүк-200” деген аталыш менен келип жаткан сөөктөрдүн тең жарымы аялдар, мындан бир нече жыл мурун миграцияда жүрүп каза болгон жарандардын 20% гана аялдар болчу. Мындай маалыматты Жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу министрлигинин алдындагы жумушка орноштуруу борборунун башчысы Нурдин Тынаев бүгүн Эл аралык миграция күнүнө карата жыйында билдирди. Анын сөзү боюнча жыл сайын 400дөн ашуун мигранттын сөөгү келет.

Тынаев ошондой эле жаш кыздарды чет мамлекеттик жарандарга никелеп жаткан агенттиктердин иши да шек жаратып жатканын айтып, мындай ишканалардын ишин тескөөчү мыйзамдын жоктугун белгиледи. Анын айтуусунда, жаш кыздардын чет жактарда кулчулукка кабылып, айрым учурларда каза болуусуна мындай агенттиктердин да жоопкерчилиги чоң. Тынаевдин маалыматы боюнча, эгемендик жылдары Кыргызстандан 1 млн. чукул киши сыртка чыгып кеткен.

Бүгүн Эл аралык миграция күнү. 18-декабрды Эл аралык миграция күнү деп таануу жөнүндөгү Эл аралык конвенция 1990-жылы кабыл алынган. Документ эл аралык коомчулуктун көңүлүн үйүнөн жана мекенинен, жакындарынан алыс жүргөн мигранттарга жана алардын көйгөйлөрүнө бурдуруу максатында кабыл алынган.(ZKo;JAk)

XS
SM
MD
LG