Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

ЖК комитети депутаттардын айлыгын ачыктаган токтомду колдоду


Бүгүн Жогорку Кеңештин регламент жана этика комитети депутат Данияр Тербишалиевдин эл өкүлдөрүнүн айлык-акысы, чыгымдары коомчулукка ачык-айкын болуш керек деген токтомун колдоду. Тербишалиев депутаттардын, Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин, өкмөт мүчөлөрүнүн жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин бардык чыгымдарын коомчулук билип турушу керектигин айтып, буга биринчи кезекте депутаттарды үлгү көрсөтүүгө чакырууда. “Бул коомчулуктун талабы. Биз өз чыгымдарыбызды жашырсак, күмөн саноо күчөй берет, ошон үчүн кызыккан адам биздин чыгымдарды билип турса болот. Эми бул токтом жалпы жыйында депутаттардын талкуусуна коюлат”, - деди Тербишалиев “Азаттыкка”.

Буга чейин айрым бейөкмөт уюмдар парламенттин чыгымдары ачык-айкын болбой жатканын сындап чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG