Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Сирияда Орусиянын эки, Италиянын бир жараны уурдалды


Орус тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Сирияда болот куюучу команияда иштеген үч адам Тартус- Хомс кан жолунда кечээ уурдалган. Аларды алып кеткендер бүгүн компания менен байланышып, кызматчыларынын бошотулуусу үчүн кун төлөнүүсүн талап кылышкан.

Мурдараак орус тышкы иштер министри Сергей Лавров уурдалып кеткендерди бошотуу үчүн зарыл чаралардын баары көрүлүп жатканын билдирген эле. Орусия ага катар өз жарандарын урушка байланыштуу Сирияга баруудан карманууга чакырган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG