Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Пакистанда беш эмдөөчүнү атып кетишти


Балучистан аймагындагы эмдөө. 16-октябрь, 2012-жыл.
Балучистан аймагындагы эмдөө. 16-октябрь, 2012-жыл.
Муну менен Пакистан өкмөтүнүн Карачи аймагында полиомиелит илдетине каршы эмдөө жүргүзүү программасы токтоду. Карачи полициясынын расмий өкүлүнүн “Азаттыктын” Пакистан кызматына билдиргенине караганда, эмдөөчү эки аялды белгисиз куралчандар шаардын Гулшан Бонир районунан бүгүн атып кетишкен. Дагы бир эмдөөчү аял Карачинин жанындагы шаарчада ок жесе, бирөөсү кечээ өлтүрүлгөнүн Улуттар уюмунун кеңсеси билдирди.

Мындан улам Синд провинциясынын саламаттыкты сактоо министри Сахир Ахмаддын айтымында, полиомиелитке каршы үч күндүк эмдөө өнөктүгү анын экинчи күнүндө токтотулду.

Эмдөө иштерине тартылгандапдан бешинчи аял маалыматтарга караганда, түндүк-батыштагы Пешевар шаарында ок жеген. (UE)

XS
SM
MD
LG