Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Бишкектин суу каптаган аймактарында өзгөчө абал жарыяланды


Биринчи май жана Ленин райондорундагы суу каптаган аймактарда өзгөчө абал жарыяланганын "Азаттыкка" Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, учурда 600дөн ашуун кызматкер арыктарды тазалоо иштери менен алек болууда.

Мындан үч күн мурда, 15-декабрда Ала-Арча дарыясынын Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөсүндө муз тоңуп, суу нугунан ашып, 7 турак үйдү каптаган эле. Суу каптаган турак үйлөрдүн жашоочулары учурда №31-орто мектепке жайгаштырылып, ысык тамак жана жылуу төшөнчү менен камсыз кылынды. Азыр арыктарды тазалоо иштери жүрүп жатат, суу каптаган аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

XS
SM
MD
LG