Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, учурда 1700 кыргызстандык Орусияда, 200 жаран Казакстанда, 60 адам Өзбекстандын түрмөлөрүндө отурушат.
Мындан тышкары Европа, КМШ өлкөлөрүндө, Түркия, Корея, Индия, Индонезия, Иран, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана АКШда камалган кыргызстандыктар бар.
“Алардын көпчүлүгү маңзат ташуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана башка кылмыштары үчүн абакка кесилген”, - деди Кадырбеков “Азаттыкка”.